Ссылки доступа

Өзбек ардагерлерине Улуу Жеңиштин урматына  280$ берилмей болду


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 800 миң сум өлчөмүндө (280 АКШ долларына жакын) акчалай сыйлык ыйгаруу жөнүндө буйрук берди.  Мындай маалыматты Regnum агенттиги таркатты.

"9-майдагы жалпы элдик майрамга, ошондой эле 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 71 жылдыгынын урматына жана согуштун ардагерлери менен катышуучуларына материалдык колдоо көрсөтүү максатында 800 миң сум өлчөмүндө бир жолку акчалай сыйлык берилсин”, - деп жазылган мамлекет башчысынын жарлыгында.

Бул мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат. Президент бир катар министрлик менен ведомстволорго сый акыны салтанаттуу жана майрамдык шартта төлөп берүү тапшырмасын берди.

Андан тышкары Каримов аймактардын жетекчилери менен коомдук уюмдарга “Ата Мекендин эркиндиги менен ар-намысын коргоочуларга арналган атайын жолугушууларды жана агартуучулук максаттагы кечелерди” өткөрүүнү тапшырды.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 3 109 ардагери жана 69 994 ооруктун эмгекчилери жашайт.

XS
SM
MD
LG