Ссылки доступа

Крымда "Азаттык" үналгысынын журналистине иш козголду


Иш Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырган деген шек менен козголгондугу кабарланууда.

Орусия аннексиялап алган Крымдын прокурору Наталья Поклонская “Крым. Реалии” интернет-басылмасынын журналистине карата кылмыш иши козголгондугун ТАСС агенттигине билдирди. Бул басылма Азаттык Радиосу/Эркин Европа корпорациянын украиналык кызматынын аймактык бөлүмү болуп саналат.

Прокурор журналисттин ысмын атаган жок. Орусия мыйзамдарында мындай кылмыш үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Крым журналисти Олег Крючков “Фейсбук” баракчасында кабарлагандай, сөз Николай Семена жөнүндө болуп жатат. 19-апрелде эртең менен анын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Семендун макаласы Крымдын украиналык активисттер тарабынан блокадага алышына арналган. Николай Семена – крым журналисти. Ал буга чейин Киевде жарык көргөн «День» жана «Зеркало недели» басылмаларында, ошондой эле москвалык «Известия» гезитинде иштеген.

"Крым.Реалии" дагы эки журналисттин - Леньяр Абибулаев менен Руслан Люмановдун үйлөрүндө да тинтүүлөр болгондугун маалымдады.

“Орусиянын аймактык бүтүндүгүнө доо кетирген деген айып менен кылмыш иштери буга чейин крым татарларынын Межилисинин төрагасы, Украинанын Жогору Радасынын депутаты Рефат Чубаровго жана Крым өкмөтүнүн мурдагы вице-премьери, жарым аралдын энергетикалык блокадага алынышын уюштурган Ленур Ислямовго каршы козголгон болчу.

XS
SM
MD
LG