Ссылки доступа

Москвада ИМ экстремисттик тобуна азгырган тажик жараны кармалды


Орусияда тыюу салынган ИМ экстремисттик тобуна адамдарды азгырган Тажикстан жараны Москвада кармалды. Бул туурасында орус ММКлары ИИМдин Москвадагы башкы башкармалыгынын башчысы Анатолий Якунинге шилтеме берүү менен билдиришти.

Маалымдалгандай, ал мыйзамсыз иштеген айдоочулардын ишине бөгөт коюп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого багытталган “Такси” операциясынан жүрүшүндө кармалган.

Якуниндин айтымында, кармалган жаран Москвада айдоочу болуп иштеген. Ал “Ислам мамлекети” терррордук тобуна жарандарды азгырып, согуш талааларына үгүттөгөндүгү үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.

Текшерүүдөн өткөн такси айдоочуларынын ичинен 900 адам мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Жалыпысынан издөөдө жүргөн 29 айдоочу кармалды.

XS
SM
MD
LG