Ссылки доступа

Кыргызстандык ишкерлер Алматынын базарындагы жагдайды жөнгө салууну суранышууда


Кыргызстандын айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине кайрылып, Алматыдагы “Алтын орда” базарында соода кылган кыргыз фермерлерине жардам берүүнү өтүндү. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз фермерлери билдиргендей, өздөрүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин тууганыбыз деп тааныштырган адамдар базарга кирип, соодагерлерден акча талап кылышкан.

Фермерлер Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин Казакстан менен Орусиянын базарларынын эшиги ачылат деп айткан аткаминерлердин сөздөрүн эске салышууда. Алардын айтымында, Алматыдагы базардын кожоюндары кыргызстандыктар алып келген картөшкөнүн ар бир килограммына акча төлөнүшүн талап кылып, ансыз базарга киргизбей жатышат.

XS
SM
MD
LG