Ссылки доступа

Орусиялыктардын 40 пайызы мамлекет милдеттемелерин аткарбай жатат деп эсептешет


Орусиялыктардын дээрлик 40 пайызы мамлекет өз милдеттерин аткарбай жатат деп эсептейт. Былтыр мындай пикирди кармангандардын саны 28 пайыз болчу. Сурмажылоону  “Левада-борбору” жүргүзгөн.

Иликтөөгө катышкандардын 18 пайызы гана бийликке эч кандай дооматы жок экендигин айткан. Ошол эле учурда респонденттердин дээрлик жарымы мамлекет алдындагы милдеттерин аткарып жатканын белгилешкен.

«Левада-борборунун» директорунун орун басары Алексей Гражданкин айтымында, Орусия Крымды тартып алганга чейин мамлекетке ушундай эле деңгээлде сын айтылып келген. Бирок 2012-2013-жылдарга салыштырмалуу терс пикирлердин саны азыраак болду.

Өлкөдө баш-аламандык өкүм сүрүп жатат деген орусиялыктардын саны бир жылда 8ден 16 пайызга чейин өскөн. Ал эми мамлекет сенек абалга кептелди дегендердин саны 8ден 14 пайызга чейин жогорулаган.

Гражданкиндин пикиринде, эгер бир айла табылбаса, мамлекетке болгон нааразычылык күчөй берет. Бирок коомчулуктун көңүлүн бурган кандайдыр бир чакан жаңжал жаратып, анын себебин сырткы күчтөргө байлап койсо, агым кайрадан өзгөрүлөт.

XS
SM
MD
LG