Ссылки доступа

Волгоградда Тажикстандын жаранын тирүүлөй көмүп салышкан


Кылмыш маркумдун туулган күнүн белгилегенден кийин жасалган.

Волгоград облусунун Тергөө комитетинин басма сөз кызматы маалымдагандай, 18-апрелде укук коргоо органдарына аталган шаардын тургуну келип, адам өлтүрүүгө күбө болгондугун айтып берген. 12-апрелде ал достору менен бирге Тажикстандын 22 жаштагы жаранынын туулган күнүн белгилеген. Отуруштан кийин уктап калган. Түнчүндө калган эркектер чатакташа кетип, тажикстандыкты сарайга алып барып, өзүнө чуңкур каздырып туруп тирүүлөй көмүп салышкан. Тажик жаранынын ысымы атала элек.

Учурда “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Маалыматты текшерүү маалында үйдүн жер төлөсүндө жаңы казылган чуңкур, топуракта кара кочкул кандын издери бар экендиги аныкталган. Бирок ичинен жасат табылган эмес. Тергөө комитетиндегилер өлтүрүлгөн адамдын денесин үйдүн короосунун сыртындагы башка чуңкурга көмүп, үстүнө таштандыларды өрттөп, тегиздеп кум чачып салышкан деп шектенишүүдө. Азыркы тапта өлтүрүлгөн адамдын сөөгү изделип жатат.

XS
SM
MD
LG