Ссылки доступа

 ММК: Animal Planet ээн аралдан адам өмүрүн сактап калды


Animal Planet телеканалынын чыгармачыл тобу Жереми Уэйд менен “Дарыядагы желмогуздар” көрсөтүүсүн тартып жатып, Бараний аралына чукул жерден адам өмүрүн сактап калышты. Бул туурасында tvrain билдирет.

Куткарылган адам Тремайн деген балыкчы болуп чыкты.

Маалыматка карганда, эркек киши кесерип, медициналык жардамга муктаж болуп калган. Ал устрицага аңчылык кылуу үчүн аскалуу аралга барган. Бирок анын кайыгы океанга айып кеткен.

Күндүн куйкалаган ысыгы алдында балыкчы эки күн өткөргөн. Каны катып, өлүм сааты жакындап калган эле. Аралда тузсуз суу жок болчу.

XS
SM
MD
LG