Брейвик март айында норвегия бийлигин Адам укуктары менен Европа конвенциясын бузду деп сотко берген. Ал камактагылардан обочо кармалганына нааразы.
Брейвиктин айрым дооматтарын сот четке какты. Анын ичинде жеке жана үй-бүлөлүк кол тийбестикке болгон укугу бузулган эмес деп тапты.
Сот өкүмүнө ылайык, Брейвикке 331 миң норвегиялык крон (40 миң долларга жакын) өлчөмүндө кенемте төлөнүп берилмей болду.
2011-жылы оңчул экстремист Брейвик Ослодо жардыруу уюштуруп, андан соң жаштар лагериндеги 77 адамды атып салган. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Норвегиядагы эң кандуу кол салуу болуп калды. Брейвик 21 жылга эркинен ажыратылган.