Ссылки доступа

Өзбекстандан Кыргызстандын 37 жараны чыгарылды


Ушул жылдын алгачкы үч айында Өзбекстандын Фергана облусунан өлкөдө жүрүү эрежесин бузгандыгы үчүн 80 КМШ жараны чыгарылган. Бул туурасында Sputnik агенттигинин өзбек кызматы укук коргоо органдарындагы өздүк булагына таянып билдирди.

Алардын катарында 37 кыргыз, 15 тажик жараны бар.

Бардык фактылар боюнча административдик жазалоо чаралары көрүлүп, айыптар салынган. Биринчи чейректе 97 адамга салынган айыптардын жалпы көлөмү 41 миллион сумдан ашты.

Өзбекстан Тажикстан менен визалык режимди 2000-жылдары киргизген. Бирок чектеш аймакта жашагандарга 5 күнгө чейин визасыз жүрүүгө уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG