Ссылки доступа

Орусияга Савченкону өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап келип түштү


Орусиянын Юстиция министрлигине Надежда Савченкону мекенине кайтаруу маселесин чечүү үчүн документтерди берүү туурасында Украинадан суроо-талап келип түштү. Бул жөнүндө ТАССка министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Украина соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө Конвенциянын 6-беренесине таянууда.

Мындай суроо-талап келип түшкөндө мамлекет өкүмдү жана жаза мөөнөтүнүн кайсы бөлүгү өтөлгөндүгүн көрсөткөн арызды, ошондой эле өткөрүп берүүгө макулдук берген арызды жибериши керек.

XS
SM
MD
LG