Депутат Улан Примовдун айтымында, мыйзам долбоору 170 миң жаранды камтыйт. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 748 миллион сом керек. Бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого жардам берет деп кошумчалады эл өкүлү.
Бирок мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсе, жардамга чындап эле муктаждар менен катар бардар жарандар дагы жөлөк пул алып калышы этимал. Мисалы, баарыгер-соттор, мурдагы прокурор жана чиновниктер тизмеге кирет. Алардын бааракысы болсо, ансыз деле минималдык жашоо өлчөмүнөн жогору-20 миңден өйдө алышат.
Талдоочулар жөлөк пул чектөөнүн тартибин өзгөртүүнүн ордуна жөн гана аны көбөйтүп коюуну сунушташат. Социалдык маселелер боюнча адис Назгүл Ташбаева билдиргендей, учурда жөлөк пулдун көлөмү-705 сом. Бул азык-түлүк сатып алууга да жетпейт.