Ссылки доступа

Астанада кезектеги Евразия медиафоруму өтүүдө 


20-апрелден 22-апрелге чейин Астанада өтүп жаткан Евразия медиафорумунда президент Нурсултан Назарбаевдин куттуктоо сөзүн анын кызы Дарига Назарбаева окуп берди.

Ал аталган форумдун уюштуруу комитетинин төрагасы жана өлкө премьер-министринин орун басары болуп саналат.

Иш-чаранын конокторунун арасында Ооганстан президенти Хамид Карзай да бар.

Бул жылы форумдун алкагында 21-кылымдагы маалыматтык согуштун өзгөчөлүктөрү, бейпилдикти орнотуу менен жаңжалдарды күчөтүүдөгү ЖМКнын ролу, дүйнөлүк экономиканын азыркысы жана келечеги, Европа биримдигинин келечеги, Ооганстандагы абал сыяктуу темалар талкууга алынат. Казакстандагы басма сөз эркиндигине байланышкан маселелер салт катары форумда талкууланбайт.

Евразия медиафоруму Казакстанда 2002-жылдан баштап өткөрүлүп келет. Мамлекеттик “Самрук-Казына” фонду конференцияга демөөрчүлүк кылат.

XS
SM
MD
LG