Бул туурасында ал Эр-Риядда АКШ президенти Барак Обаманын катышуусунда өтүп жаткан Персия булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин саммитинде айтты.
Родстун пикиринде, орусиялык жоокерлер менен аскерий жабдууларды Сирияга жөнөтүү Орусиянын өзүн терс кесепеттерге дуушар кылышы ыктымал.
Эр-Рияддагы жолугушуунун катышуучулары коопсуздук, радикал исламисттер менен биргелешип күрөшүү маселелерин, АКШ менен бул чөлкөмдөгү айрым өлкөлөрдүн ортосундагы салкын мамилени жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашууда. Обама менен бирге саммитке АКШ коргоо министри Эштон Картер, мамкатчы Жон Керри жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Сюзан Райс да келген.
Саммиттин алдында Барак Обаманы Сауд Арабиясынын падышасы Салман бен Абдель Азиз Аль Сауд кабыл алган. АКШ президенти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен күрөштү күчөтүү зарылдыгына токтолгон.
Персия булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешине Сауд Арабия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Катар жана Оман кирет.