Ссылки доступа

АКШда атактуу ырчы Принс кайтыш болду


Америкалык ырчы Принс (чыныгы аты Принс Роджерс Нельсон) 57 жашында кайтыш болду. Ритм-энд-блюз стилиндеги музыканын негиздөөчүсү болгон ырчынын сөөгү ага таандык болгон үн жазуу студиясынын аймагынан табылган.

Азыр ал жерде соттук медициналык эксперттер жана криминалисттер иштеп жаткандыгы кабарланды.

Ал Шенхассен (Миннесота штаты) шаарындагы студияда жашачу. Өлүмгө байланышкан жагдайлар жөнүндө азырынча маалымдала элек.

Ырчы кайтыш болгонуна байланыштуу АКШ президенти Барак Обама дүйнө чыгармачыл иконадан ажырады деп билдирди.

"Мишель экөөбүз Принстин күтүүсүз өлүмүнөн азага баткан миллиондогон күйөрмандардын кайгысын тең бөлүшөбүз. Популярдуу музыканы өнүктүрүү жаатында өчпөс из калтырып, талантына мынчалык көп адамды багындырган чыгармачыл инсандар чанда кезигет. Заманыбыздын эң бир таланттуу, эң бир мээнеткеч ырчысы Принс көп иш жасады. Ал чебер музыкант, мыкты бэндлидер жана аткаруучу болчу", - деп айтылат АКШ президентинин билдирүүсүндө.

35 жылдык чыгармачылыгында Принс 39 альбом чыгарып, "Грэмми", "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарынын лауреаты болгон. 2005-жылы Рок-н-ролл даңк залына киргизилген. Анын атактуулугунун жогорку чеги 80-жылдарга туура келет.

XS
SM
MD
LG