Ссылки доступа

ЮНИСЕФ: Кыргызстанда миллиондон ашуун жаш балдар жакырчылыкта күн кечирүүдө


Кыргызстандагы миллиондон ашуун жаш балдар жакырчылыктын чеңгээлине кабылып, социалдык жактан коргоого алынган эмес.

Бул жөнүндө ЮНИСЕФтин “Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү балдардын бакубаттуулугу жана укуктарынын социалдык жактан корголушу” аттуу отчетунда айтылат.

Документте чөлкөмдүн 30 өлкөсүндөгү балдарды социалдык жактан коргоого туурасында малыматтар камтылган

Отчетто бир миллиондон ашык бала социалдык жактан коргоого алынбай, сапаттуу кызмат көрсөтүү жеткиликтүү болбой, табият кырсыктарынын алдында алар аялуу бойдон калып жаткандыгы жазылган.

«Балдар менен үй-бүлөлөрдү социалдык коргоого алууга көбүрөөк каражат жумшап, тийиштүү көнүл бурган өлкөлөр жакырчылыкты кыскартууда мыкты ийгиликтерге жетишүүдө. Кыргызстандын өкмөтү жакырчылыктын деңгээлин социалдык колдоо көрсөтүү аркылуу азайтууга аракет кылууда. Бирок аны каржылоого жумшалган каражат аздык кылат. Биз эртеңки жаркын келечек үчүн бүгүн инвестиция салууга чакырабыз”, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо.

XS
SM
MD
LG