Ссылки доступа

Казакстанда бачабаздарды химиялык кастрация күтүп турат


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бачабаздарды химиялык жол менен кастрация жасоо боюнча мыйзамга кол койду. Бачабаздыкка барганы далилденген кылмышкердин андан аркы зомбулукка баруусунун алдын алууну көздөгөн бул мыйзамды өткөн айда коңшу өлкөнүн парламенти жактырган.

Казакстан сенатынын Эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин катчысы Бирганым Айтымова химиялык кастрация медициналык мекемеде соттун чечиминен кийин гана ишке ашырыларын билдирди.

Маалым болгондой химиялык кастрацияда бачабаздарга бир жолку иньекция убактылуу бир мөөнөткө сайылат. Белгилүү маалдан кийин ал кайра кайталанышы керек.

XS
SM
MD
LG