“Панама архивдери” деп аталган журналисттик иликтөө учурунда аныкталган маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талапты журналисттерге Нью-Йорктун федералдык прокуратурасы жөнөткөн.
Аталган өтүнүчкө жооп катары консорциумдун башчысы Жеральд Райл: «Биз прокуратурага жарыялана элек маалыматтарды бербейбиз. Биз — медиа уюмбуз. АКШ Конституциясына киргизилген 1-түзөтүү жана башка укуктук механизмдер бизди укук коргоо органдарынын бир бөлүгүнө айлантуудан коргойт», - деп билдирди.
Журналисттердин колуна панамалык Mossack Fonseca юридикалык фирмасында ачыкталып кеткен 11,5 миллион каржылык документтер тийген. Алар акчаларын офшорлорго каткан жеке адамдар менен уюмдар туурасында маалыматтарды камтыйт. Документтердин басымдуу бөлүгү жарыялана элек.