Ссылки доступа

Армения-Азербайжан: ок атышуулар уланууда


Азербайжандын куралдуу күчтөрү 24-апрелге оогон түнү Армениянын аймагын 18 жолу аткылаганын Армениянын Коргоо министрлиги маалымдады. Ага чейин Азербайжандын Коргоо министрлиги акыркы бир суткада Армения тарап тынчтык келишимин 108 жолу бузганын билдирген эле.

Маалыматта ок атууга пулемет, миномет жана танкалар колдонулганы айтылат. Азербайжандын коргоо министрлиги армян аскерлери жекшембиге оогон түнү Карабак аймагында танк менен чабуул жүргүздү деп айыптоодо.

Ушул айдын башында Азербайжан күчтөрү менен Армения колдогон жикчилдердин атышуулары күчөп, эки тараптан тең ондогон кишинин өмүрү кыйылган. Ок атышууну токтотуу боюнча Орусия ортомчулук кылган макулдашуу 5-апрелден бери жалпысынан сакталса да маал-маалы менен бузулуп келүүдө.

Негизинен армяндар жашаган Тоолуу Карабак Азербайжандан 1990-жылдардагы согуштун натыйжасында ажырап кеткен. Андагы уруштарда 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG