Ссылки доступа

Донбасста украин аскер кызматкери набыт кетти


Жаңжалдын катышуучулары бири-бирин ок атышуулардын кескин көбөйүп кеткендиги үчүн сынга алууда.

Донбасста өткөн күнү үч украин аскер кызматкери мерт кетти, алтоо жаракат алды. Бул туурасында Украина президентинин администрациясынын аскердик операциялар боюнча өкүлү Александр Мотузяник билдирди.

Киев менен жикчилдер бири-бирин миномет жана бронотехникалар менен калктуу конуштарды аткылоо кескин көбөйүп кеткендиги үчүн айыптоодо. Буга чейин Украинанын Коргоо министрлиги Донбасстагы уруш учурунда 2600 украин аскери кайтыш болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG