Ссылки доступа

Тажикстан туризмди тез өнүктүрүп жаткан өлкө деп аталды


БУУнун туристтик уюмунун баяндамасында 2015-жылы Тажикстанга 414 миң турист келип кеткендиги маалымдалган. Бул бир жыл мурунку көрсөткүчтөн 94% көп.

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмунун 2015-жылды талдаган изилдөөлөрүнө ылайык, туризмди өтө тез өнүктүрүп жаткан үч өлкөнүн катарына Тажикстан, Парагвай (Түштүк Америка) жана жаңы зеландиялык Ниуэ аралы кирген.

«Бул чакан, жакыр өлкө – Борбордук Азиядагы туристтер эң аз барган мамлекет. Бирок Памир тоо кыркалары экстремалдык туризмди сүйүүчүлөр үчүн мыкты жай болуп бере алат. Бул аймак айтылуу Улуу Жибек жолунда жайгашкан. Ал эми Дүйшөмбүдө Будданын Борбордук Азия боюнча эң чоң айкели сакталып турат”, - деп жазылган баяндамада.

Былтыр Тажикстанга 400 миңден ашуун турист келип кеткен. Жаштар, спорт жана туризм комитетинин маалыматына караганда, бул былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.

XS
SM
MD
LG