Ссылки доступа

Түркияда белгилүү голландиялык журналист кармалды


Голландия бийлигинин маалыматына карганда, өлкөдөгү белгилүү журналист ММК жана Twitter аркылуу Режеп Тайып Эрдоганды сындагандан кийин, бир жума өткөн соң кармалган.

Нидерландынын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, түрк тектүү голландиялык журналист Эбру Умар Кушадасы шаарында кармалган. Сот аны эки жака кетпөө талабы менен бошоткон.

45 жаштагы журналист голландиялык гезитке түрк президентин сындаган макала жазып, анын үзүндүлөрүн Twitter аркылуу жарыялаган.

Буга чейин Германияда Эрдоган жөнүндө сатиралык поэма жазган белгилүү куудулга карата кылмыш иши козголгон. Бийликтин бул аракети немис коомчулугунун кыжырын келтирген. Голландия премьер-министри Марк Рютте Умар кармалгандан кийин аны менен сүйлөшкөндүгүн социалдык баракчасына жазды.

XS
SM
MD
LG