Ссылки доступа

БУУ Пхеньяндын баллистикалык ракета учурганын айыптады


БУУ Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореяны баллистикалык ракета учургандыгы үчүн айыптады. Ракета 23-апрелде өлкө башчысы Ким Чен Ындын жетекчилиги алдында суу алдында жүрүүчү кемеден атылган.

Пхеньяндын билдиришинче, бул сыноо абдан ийгиликтүү болду жана кубаттуу ядролук чабуул үчүн дагы бир куралга ээ болууга шарт түзүлдү.

Коопсуздук Кеңеши өлкө БУУ резолюциясын бузду деп айыптоодо.

Түштүк Корея аскерий командачылыгы ракета чыгыш жээкке жакын жерден 30 чакырым аралыкка атылгандыгын маалымдады. Сеул бул сыноонун ийгиликсиз болгондугун тастыктоо аракетинде

АКШ президенти Барак Обама Пхеньяндын бул жоругун чагымчылдык деп атап, Кытайды Түндүк Кореянын бийлигине кысым көрсөтүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG