Маалымдалгандай, Каримов менен Путин эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелерин талкуулашат.
Ислам Каримов Өзбекстанды Советтер Союзу урагандан бери башкарып келет. Ал башкача ой жүгүрткөн адамдарды жактырбайт. Камактагыларга карата кыйноолорду колдонгондугу үчүн АКШнын мамлекеттик департаменти жаңы отчетунда Өзбекстандын коопсуздук күчтөрүн айыптаган болчу.