Ссылки доступа

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды


Тажикстанда сот  бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл алды

Хисрав аттуу жаран 2009-жылы аталаш карындашы Зиёдага баш кошкон. Бирок бул никеден жалаң оорукчан балдар төрөлө бергендиктен, жети жылдан соң ажырашуу үчүн сотко кайрылган.

Сот үй-бүлөнү сактап калуу мүмкүн эмес жана жубайларды элдештирүү аракетинен майнап чыкпайт, анткени алар тууган болгондуктан балдары оорукчан төрөлүп жатат деген тыянакка келди.

Хусравдун аялы сотто жолдошуна дооматы жок экендигин билдирди. Тун баласы араңжан төрөлүп, чарчап калган. Экинчиси дагы оорукчан болуп төрөлгөн.

Жубайлардын никесин жокко чыгаруу туугандардын никеге турушуна тыюу салган жаңы Үй-бүлөлүк кодекс күчүнө киргенден кийин ишке ашты. Тажикстан бийлиги туугандардын баш кошуусу улуттук генофондго коркунуч жаратат деп эсептеп, бул жаатта кеңири үгүт иштерин баштаган.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 2016-жылдын башынан бери Тажикстанда 25 миңден ашуун майып балдар катталса, алардын 30 пайызга жакыны туугандардын никелешүүсүнөн төрөлгөн.

XS
SM
MD
LG