Ссылки доступа

Москванын үстүндөгү булуттарды таратуу үчүн 86 млн рубль жумшалат


1-май Эмгек майрамында Москванын үстүндө каалгыган булуттарды таратуу үчүн 85 млн рубль бөлүнмөй болду.

Бул туурасында мамлекеттик сатып алуулардын расмий сайтында кабарланган.

Салтка ылайык, буга чейин булуттарды айдоо жараяны 9-майдагы Жеңиш күнүндө, 12-июндагы Орусия күнүндө жана сентябрдын алгачкы жекшембисинде белгилене турган Шаар күнүндө гана камсыздалчу. Бул жылы 1-майда Эмгек күнү гана эмес, Пасха майрамы да белгиленет.

“Интерфакс” маалымдагандай, майрам күндөрү Москванын үстүндөгү булуттарды айдап салуу иши ондогон жылдар бою колдонулган технологиянын негизинде ишке ашырылат. Булуттарды атайын учактардын жардамы менен гранул түрүндөгү көмүр кычкылы, суюк азот жана атайын цемент аралашмасы менен атышат.

2015-жылы бул өңүттөгү иш-чараларга 430 млн рубль бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG