CASA-1000 долбоору Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого жол ача ачат. Биринчи баскычта 500 кВ кубаттуулуктагы «Датка-Худжанд» жогорку чыңалуудагы электр линиясы курулат. Ал Кыргызстан менен Тажикстанды байланыштырып турат.
Андан кийин Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистандын Пешавар шаарына чейин 750 чакырым узундуктагы электр линиясы тартылат. Долбоордун жалпы наркы 953 миллион долларды түзөт.