Ссылки доступа

Назарбаев жерге байланышкан чырга комментарий берди


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев коомдо ар кыл маанай жараткан Жер кодексине киргизилген түзөтүүлөргө комментарий берди. Атырауда “чет элдиктерге жер сатууга” каршы массалык митинг болуп өткөн.

«Чет элдиктерге жер сатылбайт. Аны казак жарандарынын жеке менчигине өткөрүп берүү туурасында гана сөз болуп жатат. Анткени жердин ээси болушу керек, ал жөн эле жата бербей, элдин кызыкчылыгына пайдаланылып, иштетилиши керек. Болбосо жерди латифундисттер менчиктеп алып, бири иштетип жатканы менен экинчиси карабай коюп, жерлер чөп басып, дыңга айланып баратканы чын. Анан ошол казакстандыктарга бакыт алып келе турган жер түшүнүксүз максатта колдонулуп жатпайбы. Муну болсо таптакыр башкача жоруп алышты”, - деди президент Назарбаев.

Казак президенти мындай пикирин Астанада өлкөнүн жаңы башкы прокурору Жакип Асановду тааныштыруу учурунда билдирди.

XS
SM
MD
LG