Ссылки доступа

Ереванда маршруттук автобус жардырылды


Ереванда автобус жарылып, натыйжада үч адам каза таап, жетөө жарадар болду. Бул туурасында Армениянын ӨКМ Куткаруу кызматынын директорунун орун басары, генерал-майор Николай Григорян кабарлады.

Полиция башчысы Владимир Гаспарян “Армения” телеканалына окуя жөнүндө маалымат берип жатып, автобуска жарылуучу зат коюлганын тастыктады. Ал бөлүктөргө чачырап кетүүчү эмес, толкун жаратуучу мүнөздө болгон.

Жардыруучу зат Алабян көчөсүндө бараткан “Богдан” маркасындагы автобуста жарылган. Азыр ал жерде полиция менен Улуттук кризистик башкаруу борборунун кызматкерлери иштеп жатышат.

XS
SM
MD
LG