Ссылки доступа

Орусия Сирияны калыбына келтирүүгө бир миллиард доллар жумшайт


Москва менен Дамаск Сириянын экономикасын калыбына келтирүү үчүн макулдашууга кол коюшту. Бул туурасында Сириянын премьер-министри Ваиль аль-Халики РИА Новостиге билдирди. Чиновниктин айтымында, эки келишимди аткаруу үчүн эле 850 миллион евро керектелет.

"Орусия инфраструктураны калыбына келтирүү идеасын колдоду. Буга байланыштуу көптөгөн келишимдерге кол коюлду. Алардын арасында 600 жана 250 миллион еврого тете долбоорлор бар”,-деди сирия өкмөтүнүн башчысы.

Макулдашуунун негизинде электр түйүндөрүн жана электр станцияларын калыбына келтирүү, аларды отун менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлөт. Станциялардын 60% пайыздан ашыгы учурда иштебей турат.

Сирия өкмөт башчысы кабарлагандай, электр энергиясын өндүрүү үчүн Сирияга күнүнө 35 миң тонна мунай керектелет. 2005-жылы Орусия Сириянын 10 миллиард доллар карызын кечкен. Анда Дамаск орус курал-жарактарын жана аскердик техникаларын сатып алууну убадалаган. 2011-жылы Сириядан жарандык согуш тутанган.

2015-жылдын сентябрь айында Орусия Сирияда аскердик операцияларын баштайт. РБК агенттигинин эсеби боюнча бул үчүн 38 миллиард рубль жумшалды. Орусия президенти Владимир Путин аскердик операция үчүн 33 миллиард рубль коротулганын ачыктаган.

XS
SM
MD
LG