Аннексияланган Крымдын прокурору Наталья Поклонская Межилистин ишмердүүлүгү мындан ары мыйзамсыз боло тургандыгын жарыялады. Кеңештин башчысы Рефат Чубаров журналистерге билдиргендей, Межилис жана ага байланыштуу бардык институттар эми өз ишин украин борборунда жүргүзөт.
Крым татарларынын Межилиси Украина өкмөтү тарабынан 1999-жылы мыйзамдаштырылган.
Саны 2,5 миллионго жеткен крым татарлары Крымдын калкынын 12% түзөт. Көптөгөн татар активисттери 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин жарым аралдан чыгып кеткен. Эл аралык укук коргоо уюмдары Орусиянын Крым татарларына карата кысымын сынга алып келатат.