Ссылки доступа

Депутаттык комиссия ТИМдин ишмердүүлүгүн текшерет


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Тышкы иштер министрлигиндеги чуулгандуу иштерди иликтөө боюнча депутаттык комиссия түздү. Ага комитеттин курамындагы беш фракциядан бирден депутат кирди.

Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү, КСДП фракциясынын депутаты Абдывахаб Нурбаевбилдирди. Анын айтымында, депутаттар кыргыз дипломаттары боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланып кеткен маалыматтарды иликтешет. Алардын эрежеге дал келбеген жүрүм-турумдары, Пакистандагы айрым дипломаттардын кызматынан аша чапканы, 2015-жылдагы Казакстандагы туризм боюнча жыйында дипломаттын чыгып кеткенине баа берилмекчи.

Ошондой эле депутаттар Тышкы иштер министрлигинин АКШнын Мамлекеттик департаментине кайтарган жообу канчалык эрежеге ылайык келерин да териштирет. Буга чейин мекеменин бул багыттагы билдирүүсүн бейөкмөт уюмдар орой деп сынга алып, министр Эрлан Абдылдаевдин токтоосуз отставкага кетишин талап кылышкан.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2015-жылдагы дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу иликтөөсүндө Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укуктарынын абалы начарлап баратат деп сындаган эле. Тышкы иштер министрлиги 16-апрелде буга жооп кайтарып, “мыйзамсыз камоолор”, “саясий куугунтук” деген жыйынтыктарды адилетсиз жана негизсиз деп сыпаттап, керек болсо АКШнын өзүндө да адам укугу бузулуп жаткан учурлар жок эместигин билдирген.

XS
SM
MD
LG