Ссылки доступа

Кремль: Орусия баардык өлкөлөр менен достук мамиле курууга ынтызар


Орусия президенти Владимир Путин НАТО менен Европалык биримдикти коркунуч катары көрөт деген АКШ президенти Барак Обаманын сөзүнө Кремль комментарий берди.

Путиндин басма сөз катчысы журналисттерге билдиргендей, тескерисинче НАТО Орусияны коркунуч катары көрөт. Анын айтымында, Москва бардык өлкөлөр жана уюмдар менен жакшы мамиле түзүүгө ынтызар. Сонку жылдары Брюссель, башкы кеңсе жана НАТО жетекчилигинин мүчөлөрү Орусиянын коркунуч катары көрүшөрүн жарыялап турушканын эстен чыгарбоо керек экендигин билдирди Песков.

Буга чейин Барак Обама Орусия президенти Владимир Путин европалык биримдикти коркунуч катары кабылдап, ага доо кетиргиси келет деп айткан.

XS
SM
MD
LG