Ссылки доступа

Орусия менен Казакстан авиакомпаниялары Ысык-Көлгө түз каттам ачууга даяр


Орусия менен Казакстандын авиакомпаниялары Ысык-Көлгө түз каттамдарды ачууга даяр. Бул жөнүндө “Манас эл аралык аэропорту” ААКнын инвестициялык жана инфраструктуралык өнүгүү дирекциясынын башчысы Абдималик Бусурманкулов билдирди.

Тамчы аэропортунда аткарылып жаткан иштер жөнүндө сөз кылып жатып ал реконструкциялоо иштери 4 багытта жүрүп жаткандыгын кабарлады. Бул – жарык менен белги берүүчү жабдууларды, учактарды кондуруу тутумдарын орнотуу, электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоо жана учуу-конуу аймагын кеңейтүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө учуу-конуу аймагынын узундугу 3800 метрге чейин узартылган.

Анын айтымында, “Ысык-Көл” аэропортун жаңылоо 2016-жылдын июнь айынын ортолорунда аяктайт. Андан соң аба майданы түн-күн дебей жыл бою үзгүлтүксүз иштей турган болот.

Бусурманкулов маалымдагандай, бир катар орусиялык жана казакстандык компаниялардан түз каттамдарды ачуу туурасында сунуштар келип түштү. Туристтик сезонду утурлай Тамчыда Алматы, Астана жана Шымкенттен түз авиакаттамдар ишке киргизилет. Ошондой эле Ош-Тамчы ички каттамы болот.

Орусиялык туроператорлордун айтымында, Кыргызстан 2016-жылда бул өлкөнүн жарандары үчүн эң жагымдуу туристтик багыттардын бири болуп калууда. Быйыл республикага 100 миңден ашуун орусиялыктар келсе, алардын басымдуу бөлүгү Ысык-Көлдө эс алуу турганы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG