Ссылки доступа

Тажикстанда черноблчылардын балдары оорудан жапа чегишүүдө


Чернобыль авариясынын кесепетерин жоюуга 2 миңге чукул тажикстандык катышкан. Алардын ичинен 500ү азыр тирүү эмес.

Дүйнөдөгү эң коркунучтуу өзөктүк жарылуу 30 жыл мурун болсо дагы, анын катышуучулары зыяндуу таасирлерди алигиче сезишет.

“Черноблчылардын бирикмеси” уюмунун төрагасы Фаридун Хакимов билдиргендей, кырсыктын кесепетин жоюуга катышкандардын балдары майып болуп төрөлдү. Андайлардын саны 2000ди чамалайт.

Хакимовдун айтымында, трагедиядан беш жыл өткөн соң гана совет бийлиги Чернобль атомдук станциясындагы апааттын катышуучуларын социалдык камкордукка алуу боюнча мыйзам чыгарган. Бул документтин негизинде Тажикстан дагы кырсыктан жабыр тарткандарды коргоо чечимин кабыл алган. Бирок өлкөдө жарандык согуш башталып кеткендигине байланыштуу ал жүзөгө ашкан эмес. 2007-жылы гана Тажикстанда ири аварияда жабыр тарткандарга жардам бере турган атайын мыйзам иштеп баштаган.

XS
SM
MD
LG