Тасма беш мыктынын бири катары сынакта ат салышты. Интернет аркылуу добуш бергендердин саны 2 миллион 300 миңден ашкан. Сынакка жалпысынан 65 өлкөдөн 13 миң видео тасма катышты.
Эл аралык санариптик искусство жана илим академиясы уюштуруп, быйыл 20-ирет өтүп жаткан сынакка вебсайттар, онлайн булактардагы фильмдер жана видеолор катышат.
“Кыял” аттуу тасмада майып жигиттин мыкты билим алуу тилеги, мектепке баруу үчүн квадрацикл сатып улуу үмүтү сүрөттөлгөн. Тасма “Азаттыктын” сайтына жарыялангандан кийин “Элим барсыңбы” кайрымдуулук фонду аркылуу атын атагысы келбеген 23 жаштагы кыз Нургазынын кыялын орундатып, квадроцикл сатып берген.