Ссылки доступа

Тажикстан: муктаж болгондорго бекер нан берилет 


Согди облусунун борбору Хожентте социалдык наабайкана ачылып, муктаж болгондорго 300дөн 500гө чейинки сандагы нанды акысыз бере турган болду.

Шаар тургуну Максадой Содикова аталган наабайкананын кызматынан колдонуп келет. Ал "Азаттыктын" тажик кызматына билдиргендей, такай майып баласынын жанында болгондуктан, ишке орношо албайт. «Ушул наабайкананы ачып, мага окшогондорго бекер нан берип, жакшы иш жасап жатышат”, - дейт ал.

Наабайкана Тажикстандын Кызыл Жарым ай коомунун Согди облусундагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен уюшулган алгачкы ишкана болуп саналат. Аталган уюмдун өкүлү Парвиз Жабборзода кабарлагандай, ал уюмда чогулган мүчөлүк акы менен кайрымдуулуктан түшкөн каражатка салынды. “280 муктаж болгон адам, анын ичинде майыптар жана майып балдары бар үй-бүлөлөр күнүнө же күн алыс бул жерден бекер эки нан алса болот”, - дейт ал.

Наабайкана суткасына 1500 нан бышырат, миңи 1,5 сомониден сатылат. Түшкөн каражат нан жапкандардын маянасына, ун сатып алууга жумшалат. Калганы муктаждарга бекер таркатылат.

Расмий маалыматтар боюнча Согди облусунда 20 миңден ашуун социалдык жардамга муктаж жарандар бар, анын 70 пайызын көп балалуу аялдар түзөт.

Германиянын Кызыл Жарым ай коомунун көмөгү менен Джаббор Расулов районунда да социалдык наабайкана ачылган. Мындай нан жапкан цехтерди Бустон жана Гулистон шаарчаларында да ачуу пландаштырылууда.

XS
SM
MD
LG