Ссылки доступа

Түркияда  жанкечтинин жардыруусунан 8  адам жарадар болду


Түркиянын Бурса шаарындагы борбордук мечиттин жанында аял жанкечти өзүн жардырып, 8 адам жарадар болду. Жардыруудан кийин 20дан ашуун адам ооруканага кулак тунуу жана баш оору менен кайрылган.

Бул тууралуу Түркиянын премьер-министри Ахмед Давутоглу буга чейинки маалыматтарды тактагандан кийин билдирди.

Жанкечти 25 жаш чамасындагы аял экени жана анын максаты мечитке зыярат кылууга келген туристтер болгону айтылууда. Полиция окуянын чоо-жайын иликтей баштады.

Окуя 27-апрель күнү жергиликтүү убакыт боюнча кечки беш жарымда болду. Улуу мечит калаанын борборунда жайгашып, ал жерде ар убак эл көп болот.

Бурса Түркиядагы эң ири шаарлардын катарына кирет.

XS
SM
MD
LG