Ссылки доступа

Савченкону Украинага экстрадициялоого даярдап жатышат


Новочеркасскидеги тергөө абагынын башчысы учкуч Надежда Савченкого экстрадиция үчүн толтуруучу документтердин топтомун берди. Бул жөнүндө украиналык телеканалдар аркылуу анын сиңдиси Вера Савченко кабарлады.

Жактоочу Марк Фейгин белгилегендей, Савченко Украинанын аймагында жаза мөөнөтүн өтөөгө даяр экендигин билдирген. Буга чейин Украина президети Петр Порошенко Савченко жакынкы апталарда мекенине кайтып келерине “бекем үмүтү бар” экендигин билдирген.

Надежда Савченко Орусияда 22 жылга кесилген. Ал 2014-жылдын жай айларында Луганскиге жакын жерде орусиялык эки журналисттин өлтүрүлүшүнө катыштыгы бар деп айыпталган. 18-апрелде эки орусиялык жаран – Евгений Ерофеев менен Александр Александровду Киевдеги сот 14 жылга кескенден кийин Савченкону аларга айырбаштоо туурасында сөз боло баштаган.

XS
SM
MD
LG