Ссылки доступа

БУУ Коопсуздук кеңешинин “кара тизмеси” кеңейиши мүмкүн


Орусия БУУ Коопсуздук кеңешинин “кара тизмесине” сириялык көтөрүлүшчүлөрдүн «Жейш аль-Ислам» жана «Ахрар аль-Шам» топторун киргизүүнү сунуштоодо. Алар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жана “Аль-Каида” террордук тобу менен байланышы бар деп божомолдонууда.

Орусия мындай арызын Коопсуздук кеңешинин “Ислам мамлекети” жана “Аль-Каида” экстремисттик топтору боюнча комитетине 27-апрелде жолдогон. Аталган комитеттин башка мүчөлөрү буга каршы чыкпаса, чечим 11-майдан тартып күчүнө кирет. Комитет 15 өлкөнүн өкүлдөрүнөн турат.

«Сирияда согушуп жаткан бул топтор “Ислам мамлекети” жана “Аль-Каида” экстремисттик топтору менен тыгыз байланышта экендиги жөнүндө маалыматтар келип түшкөндүктөн ушундай кадамга барып жатабыз”, - деди Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин.

Вашингтондун БУУдагы миссиясы мындай кадамга барбоо керектигин айтып, бул Сириядагы согушту токтотууга болгон аракеттерге доо кетириши мүмкүн деп эсептейт.

Америкалык миссиянын басма сөз катчысы Эдгар Васкез «Жейш аль-Ислам” менен “Ахрар аль-Шам” - согушту токтотуу режимин колдогон топтор экендигин билдирди. Андыктан бул жер-жерлердеги тынчтыкка жетишүүгө багытталган аракеттерге кесепетин тийгизиши мүмкүн деп кошумчалады.

Виталий Чуркин аталган топтордун ок атышпоо режимин сактап, Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөргө салым кошуп жатканына күмөнү бар экендигин белгиледи. Алар “кара тизмеге” киргизилсе, мындан кийин тынчтык сүйлөшүүлөргө катышуу укугунан ажырап калат.

XS
SM
MD
LG