Ссылки доступа

МиГ-31 АКШнын чалгынчы-учагын аныктап, коштоого алган


Орусиялык МиГ-31 истребители Камчатканын жанынан АКШ Аскерий-деңиз күчтөрүнүн Пи-8 “Посейдон” чалгынчы-учагын аныктап, 15 метр аралыкта коштоого алган. Бул жөнүндө The Washington Free Beacon басылмасы Пентагон өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди.

АКШнын Тынч океандагы командачылыгынын расмий өкүлү коммодор Дэйв Бенхэм маалымдагандай, Пи-8 учагы эл аралык аба майданында пландалган тапшырманы аткарып жаткан. Ал орусиялык учактын аныктап-коштоого алуу иши “коопсуз жана кесипкөйлүк” менен аткаргандыгын билдирди. Эгер мындай аракет тийиштүү деңгээлде болбой калса, АКШ аскерий жана дипломаттиялык жолдор менен зарыл болгон чараларды көрмөк.

Пентагондун өкүлү МиГ-31 учагы Пи-8 учагын болгону 15 метр аралыкта туруп коштоого алгандыгын айтты. Окуя Орусиянын Аскерий-деңиз флотунун атомдук суу алдында жүрүүчү кемелеринин базасы жайгашкан Петропавловск-Камчатский шаарына жакын жерде болгон. Бул айда ушуну менен үчүнчү ирет орусиялык учактар америкалык учактар менен кемелерди аныктап, коштоого алып отурат.

XS
SM
MD
LG