Alhurra телеканалына берген маегинде Жон Керри Жакынкы Чыгыштын, өзгөчө Сауд Арабиясынын лидерлеринин жаңы мууну эл аралык коалициянын “Ислам мамлекети” жана “Аль-Каида” экстремисттик топторуна каршы күрөшүн күчөтө тургандыгын белгиледи. Ошондой эле Иракта саясий өзгөрүүлөрдү ишке ашырууга чакырды. Керри Сауд Арабиясынын, анын ичинде ханзааданын орун басары Мухаммед бин Салмандын аймактагы салмагы басымдуу болуп баратканын айтты.
“Биздин тарапташтар өтө көп иштерди жасап жатат. ИМ экстремисттик уюмуна каршы күрөшүүгө 66 өлкө катышууда. Бирок Жакынкы Чыгыш мамлекеттери өзгөчө жигердүүлүгүн көрсөтүшүүдө. Биз ИМ террордук тобунун каржылык колдоосуна бөгөт коюу багытында иш алып барып жатабыз. Жаштарды радикалдашуудан сактап калуу үчүн күрөшүүдөбүз”, -деп белгиледи Керри.
Керринин айтымында, коалицияга кирген өлкөлөрдүн аэропортторунда, бажы өткөрмө бекеттеринде көзөмөл күчөтүлүп, виза берүү татаалдаштырылды. Согуш талаасында “Ислам мамлекети” террордук уюмунун көптөгөн лидерлери тындым болду. Натыйжада ИМ экстремисттик тобунун согушкерлеринин агымы кыйла азайды.