Ссылки доступа

Казакстан: полиция жер сатууга каршы аянтка чыккандарды кууп таратты (видео)


Кызылордо шаарынын борбордук аянтында Эл биримдиги күнүн белгилөө учурунда полиция “жерди сатууга жана ижарага берүүгө” каршы чыккандарды кууп таратты.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алардын айрымдарын Нартай Бекежанов атындагы театрдын имаратына чакырып, талаптарын укту.

Бул жолугушууга Кызылордо облусунун акиминин орун басары Серик Кожаниязов, облустук маслихаттын катчысы Наурыз Байкадамов, «Нур Отан» партиянынын аймактык филиалынын жетекчиси Ибадулла Куттыкожа катышты. Активисттер элдин энчиси болгон жердин тагдырын биргелешип чечүү зарыл экендигин билдирип, чиновниктерди эл менен ачык-айрым баарлашуудан качпоого чакырышты.

Облус акиминин орун басары Серик Кожаниязов эгер ижарага алуучу жерге кам көрбөй же аны иштетпей койсо, мамлекет ал жерди алып коюуга акысы бар экендигин айтты. Театрдын имаратындагы сүйлөшүүлөр бир саатка жакын уланды, андан соң акциянын катышуучулары тарап кетишти.

Разгон митинга с площади в Кызылорде
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

XS
SM
MD
LG