Ссылки доступа

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды


Карасуу шаарынын 33 жаштагы тургуну Шахобиддин Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан бери ала албай жатат.

Ал “Азаттыктын” тажик кызматына маалымдагандай, ушул жылдын 27-январында Түштүк Кореяга баруу үчүн бизнес виза ачуу максатында үч күндүк мөөнөт менен KICB банкынын жергиликтүү филиалына 17,5 миң АКШ долларын салган.

Бирок виза бербей койгондон кийин кайра банкка кайрылып, акчасын алмак болгондо банктагылар каржы полициясы жиберген каттын негизинде каражатты кайтара албайбыз деп коюшкан. Катта ал диний-экстремисттик уюмдар менен байланышы бар деп шектелип жаткандыгы айтылган.

– Мени Карасуу шаарынын ИИБнын 10-бөлүмүнө жана УКМКнын жергиликтүү бөлүмүнө чакырышты. Мен экстремист да, террорчу да эмес экендигимди айтып, түшүнүк кат жазып бердим. Карасуу менен Ош шаарынын милициясы “Бул адам экстремист эмес” деген атайын маалымкат да беришти. Бирок УКМК кызматкерлери аны тасмага тартып, “мен экстремист эмесмин”, “хизбутчу эмесмин” жана “салафит эмесмин” деп билдирүү жасаганга мажбурлап жатышат, - дейт Шахобиддин Бозорбоев. Ал айласыздан бул талапка макул болгондугун кошумчалады.

Бирок акчасы кайтарылабы же жокпу – так айтышкан эмес. KICB банкынын өкүлдөрү билдиргендей, бул адам “кара тизмеге” кирип калган.

Ал ортодо 17,5 миң долларды Шахобиддин Бозорбоев башка банктан үйүн күрөөгө коюп алгандыгы белгилүү болду. Банк анын үйүн сатыкка чыгарды. Шахобиддин базарда ишкердик менен алектенүү үчүн салык төлөө укугунан да ажыратылган. Айласы кеткен Шахобиддин Бозорбоев Кыргызстандын президентине жана башкы прокурорго кат менен кайрылды. Бирок ага азырынча эч кандай жооп ала элек.

XS
SM
MD
LG