Ссылки доступа

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты


Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга орун жок” деп жарыяланып, иммиграция агымын бууп, мунара менен буркаларга тыюу салуу талабы камтылган.

«Германия үчүн альтернатива» партиясы азыркы тапта өлкөдөгү алдыңкы үч саясий лидердин сабында турат. Манифестте: “Катаал ислам Конституциябызды урматтабайт, ал гана эмес ага карама-каршы келет. Ал биздин мыйзамдык системабыз менен маданиятыбызга айкалышпайт”, - деп жазылган.

Аталган кыймыл үч жыл мурун жаралган жана Евробиримдикти саясий түзүм катары кабыл албайт. Кыймылдын мүчөлөрү канцлер Ангела Меркелдин Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африка өлкөлөрүнөн мигранттарды кабыл алуу туурасындагы чечимине кескин түрдө каршы болушкан.

Былтыр немис жергесине миллиондон ашуун адам баш паанек издеп келген. Штутгартта өткөн съезд учурунда манифестти 2 миңге жакын партия мүчөсү колдоду. Оңчулдардын бул эки күндүк жолугушуусу алардын каршылаштарынын нааразычылык акцияларына чыгуусун шарттады.

XS
SM
MD
LG