Ссылки доступа

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо


АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында түзүлүшү мүмкүн.

АКШ коргоо министри Эш Картер билдиргендей, НАТО Балтика өлкөлөрүндө, Польшада, “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында ротациялык мүнөздөгү аскерий күчтөрдү жайгаштыруу маселесин талкуулап жатат.

Анын айтымында, бул контингент төрт батальондон турушу ыктымал. Пентагон жетекчиси бул туурасында журналисттерге Германиянын Штутгарт шаарына бараткан жолдо кабарлаган. Ал жерде АКШ куралдуу күчтөрүнүн европалык командачылыгы жайгашкан.

Буга чейин АКШ Чыгыш Европага 4200 жоокерден турган америкалык бригадасын кийинки февралга чейин жөнөтүүгө ниети бар экендигин билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG