Ссылки доступа

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт


Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер алса болот.

Билдирүүдө акциянын башкы максаты-XX кылымдагы эң коркунучтуу согушту ким жана кандай баа менен жеңгендигин жаш муундардын эсине салуу экендиги айтылат.

Бул арада Өзбекстанда “Георгий тасмасына” болгон көз караштар бир кылка эмес. Өткөн жылы Фейсбукта “Биз Георгий тасмасына каршыбыз” аталышында тайпа түзүлгөн. Акциянын катышуучулары бул атрибутту орус империализминин символу деп эсептешет.

“Георгий тасмасына” Кыргызстан жана Казакстанда дагы каршы чыккандар бар.

XS
SM
MD
LG