Ссылки доступа

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул


Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды. Ал өткөн жумада “жер маселеси” боюнча жалгыз өзү пикет өткөрүүгө аракет кылган.

Бүгүн Уральск шаарынын административдик соту Роза Сариева Бауыржан Алипкалиевди 42 420 теңге (120 АКШ долларынан ашык) айып пул төлөөгө милдеттендирген токтом чыгарды. Бауыржан Алипкалиев буга макул эмес.

Алипкалиев 29-апрелде шаардын борбордук көчөсүндө “жер маселеси” боюнча жеке өзү нааразычылык акциясын өткөрмөкчү болгон учурда кармалган.

Апрелде Казакстандын бир катар шаарларында айыл чарба жерлерин жеке менчикке сатууга жана чет элдиктерге узак мөөнөткө ижарага берүүгө каршы нааразычылык акциялары өткөн. Митингдер Атырау, Семей жана Актөбө шаарларында уюштурулган. Айрым жерлерде акцияны өткөрүүгө тартип сакчылары жолтоо болушкан.

Митингдерден кийин айрым активисттерге айып пул салынып, башкалары укук коргоо органдарына чакыртылышкан.

XS
SM
MD
LG