Ссылки доступа

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады


Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат салышууга толук мүмкүнчүлүк ачылды дегенди билдирет.

Дональд Трамп республикачыл шайлоочулардын жарымынын добушуна ээ болду. Анын негизги атаандашы, сенатор Тед Круздун ири штатта жеңишке жетишмем деген үмүтү таш капты. Индианада Круз ийгиликке жетсе, анда Трампка Республика партиясынан президенттике талапкер болуу үчүн керектүү-партиялык съезддин делегаттарынын 1238 добушун алууга жолтоо болмок.

Экзит-полдордун жыйынтыгына карганда, Дональд Трампты 17ден 24 жаштагыларды эске албаганда, бардык курактагы шайлоочулар тандаган.

Демократиялык партиянын талапкерлери-Хиллари Клинтон менен Берни Сандерс азырынча шайлоочулардын добуштарын тең бөлүп келишет.

Президенттик шайлоо АКШда 8-ноябрда өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG