Ссылки доступа

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция киргизилет


Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан баш тартса, ар бир мигрант үчүн 250 миң евро өлчөмүндө айып пул салууну сунушташы ыктымал.

Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү 160 миң качкынды эки жыл ичинде отурукташтыруу үчүн квота киргизүүгө макул. Бул чечим Европага бет алган мигранттардын агымын жөнгө салууга жардамдашуу максатында кабыл алынган.

Анткен менен Словакия, Венгрия, Чехия, Польша жана Хорватия буга каршы болууда. Легалдуу эмес мигранттар бул өлкөлөр аркылуу Германия же Швеция сындуу бакубат европа мамлекеттерине өтүүгө аракет кылып келишет.

Былтыркы жылы эле Германияга миллиондон ашуун качкын келген.

XS
SM
MD
LG