Ссылки доступа

Испания орусиялык чиновниктерди камакка алууга ордер берди


Орусия президенти Владимир Путин менен байланышы бар бир катар орусиялык саясатчылар менен мурдагы өкмөт мүчөлөрү Малышев жана Тамбов аталган эки ири уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делгендердин тизмесине киргизилген. Испаниялык сот Хосе де ля Мальта аларды камакка алууга эл аралык ордер берди.

Аларга буюртма адам өлтүрүү, баңгизат жана курал-жарак аткезчилиги, шылуунчулук, акча талап кылуу, пара алуу жана арам акчаны “адалдоо” сыяктуу айыптар тагылууда.

Сот аталган тизмеге Мамдуманын каржы комитетинин башчысы Владислав Резникти, ИИМ башкармалыгынын жетекчиси Николай Ауловду, мурунку премьер-министр Виктор Зубковду, ошондой эле мурунку коргоо министри Анатолий Сердюковду, мурунку аймактык өнүгүү министри Дмитрий Козакты, экс-вице-премьер Игорь Соболевскийди жана маалыматтык технологиялар боюнча мурдагы министр Леонид Рейманды киргизген. Ауловдун кеңсесиндегилер бул айыптар саясий мүнөздө экендигин жана орусиялык чиновниктерди жаманатты кылууга багытталгандыгын айтып чыгышты.

XS
SM
MD
LG